22-декабрда Бишкектеги "Кыргызпатент" мамлекеттик фондунда “Жаш калем” аталышындагы биринчи республикалык адабият сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды. “Кыргызпатенттен” билдиришкендей, сынак жаш авторлор арасында мыкты көркөм чыгармаларды алып чыгуу, ата мекендик маданиятты, жаңы багытты жана тенденцияны кармаган заманбап адабиятты жайылтуу максатында уюштурулган. Иш-чарага “Кыргызпатенттин” төрагасы Марат Назарбеков катышып, жеңүүчүлөргө грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Сынактын калыстар тобун республикадагы жазуучулар, акындар түздү.
Жеңүүчүлөр:
1-орун. Мирлан Алтымыш уулу;
2-орун. Элчибек Элдияр уулу;
3-орун. Акбар Кубанычбеков.