Бишкекте киши колдуу болуп өлгөн аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы Чокморов көчөсүндө орун алган бала бакчанын аймагынан азиат улутундагы аялдын жансыз денеси табылган. Ал жерге милиция кызматкерлери барышып, каза болгон аял 1984-жылы туулган Сокулук районунун тургуну экенин аныкташкан. Бул боюнча иликтөө жүрүп, кылмышка шектүү катары бала бакчанын 54 жаштагы кароолчусу кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.