“Мен кыргызстандыкмын” аттуу сынактын лауреаты болгон Данислам Турусбековго маданият министри грамота тапшырды

9 жаштагы аткаруучу Данислам Турусбеков Бишкектеги Улуттук консерваторияда өткөрүлгөн “Мен кыргызстандыкмын” аттуу патриоттук ырларды аткаруу боюнча республикалык сынактын лауреаты болду. Бул тууралуу ырчынын атасы Үсөн Турусбеков SUPER.KG порталына 23-декабрда билдирди.

Маалым болгондой, сынакта эң кенже аткаруучу болгон Данислам сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Акыл Айтиевге таандык “Жүрөгүмдө Кыргызстан” аталышындагы ырды созгон. Жаш талантка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов грамота тапшырды.

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу А.Осмонов атындагы айылынын тургуну Данислам Турусбеков Жайыл районундагы музыкалык мектепте билим алат. Ал көптөгөн балдардын сынагында ийгиликтерди жаратып, 2012-2013-2014-жылдары “Сары-Өзөн чолпондору” фестивалынын лауреаты, 2013-жылы “Бөбөк ыры” республикалык фестивалында “Мыкты аткаруучу” наамын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uulay
2014-12-23 17:19:40
Азамат! Келечегин кен болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан