Ысык-Көл. Тоң районунда учурда 30 мектеп, 22 ФАП элге кызмат көрсөтүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 30 орто билим берүү мекемеси бар. Мунун ичинен 12 мектеп кышында электр энергиясы менен, 18 мектеп көмүр менен жылытылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле райондун аймагында 1 аймактык оорукана, 22 ФАП, 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу калкка кызмат көрсөтүүдө. Быйылкы кыш мезгилине карата аталган мекемелерди көмүр менен камсыздоо үчүн 4 миллион 195 миң сом каралса, мунун ичинен 550 миң сом жергиликтүү бюджеттен,  ал эми 3 миллион 645 миң сом республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан