Бишкекте акын, манасчы С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеев, М.Мусулманкуловдун айтуусунда жазылып алынган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги кайрадан басылып чыгарылды. КРнын Илимдер академиясынан билдиришкендей, бул варианттын бет ачары 24-декабрда Бишкекте болот.
Белгилүү болгондой, биринчи үчилтик 1960-жылдары адабиятчы жана окумуштуу Б.Юнусалиев, М.Ауэзов, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, К.Маликов, Б.Керимжанова, Ө.Жакишов, К.Асаналиев жана башкалардын эмгеги менен жарык көргөн.
“Көптөгөн филологдордун айтымында, эпостун бул варианты кыргыздын моралдык-этикалык кодексин, элдин даанышмандыгын камтыйт”,- деп билдиришет Илимдер академиясынан.