Жалал-Абад шаарындагы №1-кесиптик лицейдин кызмат адамдары "бюджеттик каражаттарды ээлеп алышкан" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, лицейдин кызмат адамдары айлык акы боюнча жасалма тизме аркылуу 1 миллион 855 миң сом акча каражатын менчиктеп алышкан. Учурда “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.