Үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкөнүн аймагында 178 өзгөчө кырдаал катталып, 62 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдардын саны 49га аз. 2014-жылда орун алган өзгөчө кырдаалдардын көбү (157) табигый мүнөздөгү кырсыктар: 51 - кар көчкү, 5 - суу каптоо, 9 - муз каптоо, 14 - катуу шамал ж.б. Мындан тышкары техногендик мүнөздөгү кырсыктардын саны 18ге жетти (7 - өрт, 1 - жарылуу, 1 - имараттын көчүшү ж.б.)
Мындан тышкары ӨКМнын басма сөз кызматы жылдын башынан бери болгон өзгөчө кырдаалдардан 454 миллион 874 сом материалдык зыян келтирилгендигин баса белгиледи.