Жылнаама, 24-декабрь: Мындан 51 жыл мурун Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев туулган

* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Фрунзе шаарында туулган. Билими жогорку. 1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Ал 2001-жылдан Март ыңкылабына чейин мамлекеттик “Темир” ишканасында башкы инженерден директорго чейинки кызматтарда иштеген. Ал эми Март ыңкылабынан кийин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына башкы директор болгон. 2008-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында Н.Түлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына бир добуштан кабыл алынып, 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. 
 
* Мындан 57 жыл мурун, 1957-жылы Ооганстандын эки жолку президенти Хамид Карзай Кандагар шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Ооганстандагы террорчулукка каршы операция башталганда, талибдерге каршы күрөштү Урузган шаарында баштаган. Ошол эле жылы Бонн конференциясында Х.Карзай Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. 2004-жылы президенттик шайлоодо көпчүлүк добуш менен мамлекет башчысы болуп шайланган.
* Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы Азербайжандын 4-президенти Ильхам Алиев Бакуда туулган. Ал мамлекеттик жана саясий ишмер, 2003-жылдан бери Азербайжандын президенти. Ильхам Алиевдин атасы, СССР кезинде эле аталган мамлекеттин башчысы болуп турган Гейдар Алиев уулунун бийликке келиши үчүн бүт күч-аракетин сарптаган. Эки ирет президенттикке шайланган Ильхам Алиевдин үч баласы бар.
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы америкалык жазуучу Стефани Майер АКШнын Коннектикут штатындагы Хартфорд шаарында туулган. Стефани Майерди бүт дүйнө “Күүгүм” романынын автору катары билет. Ал романдын өзөгү кадимки эле түштөн жаралганын автор белгилеп келет. 2005-жылы АКШда жарык көргөн бул китеп укмуштуудай ийгиликке жеткен. Бир жылдын ичинде Стефани Майер даңктуу жазуучу эле эмес, миллионерлердин катарына кошулган. “Күүгүм” романы дүйнөнүн 20 тилине которулуп, сатуудан 40 миллион доллар киреше алып келген. Жалпысынан "Күүгүм" романы 85 миллион нускада сатылып, дүйнөнүн 37 тилине которулган.
24-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
HUMMER
2014-12-24 08:18:14
Н.Тулеев туулган кунуз кут болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан