Пара талап кылганы үчүн Свердлов районундагы Социалдык фонддун эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматкерлер ишкерден камсыздандыруу полиси үчүн акча талап кылышкан. Мындан улам жабырлануучу милицияга кайрылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, эки кызматкер 2 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.