Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 24-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Борбордогу Учкун кичи районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен ондулин менен жабылган турак үйдүн 230 чарчы метр чатыры, 30 чарчы метр балдар бөлмөсү жана 50 чарчы метр ондулин менен жабылган чакан үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукананын жер төлөсүнөн өрт чыкты. Анын кесепетинен жер төлөдөгү матрацтар күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.