Иса Өмүркулов: "Учурда Бишкек шаарында 470 түрк компаниясы иштеп жатат"
"Учурда Бишкек шаарындагы иштеп жаткан түрк
компанияларынын саны - 470, ал эми шаарда кыргыз-түрк ишканаларынын саны - 300".
Бул билдирүүнү бүгүн, 5-февралда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Түркиянын Эскишехир облусунун губернатору Кадир Кочдемир менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
Жолугушууда экономиканы өнүктүрүү, Бишкек шаарына инвесторлорду
жана ишкерлерди тартуу тууралуу сөз болду. Мындан сырткары түрк
системи менен нан чыгаруучу заводдун курулушу жана Бишкек шаарындагы Анкара
көчөсүн оңдоо тууралуу биргелешкен долбоор тууралуу да пикир алышты тараптар.