"2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук иштерине «Ата Мекен» партиясынын депутаттарынын катыштыгы жок". Мындай билдирүүнү ЖКнын депутаты, 2010-жылдагы талап-тоноочулук фактысына "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттарынын тиешеси бар же жоктугун иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Аталган депутаттын өзгөчө пикирин ЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын басма сөз кызматы жарыялады. Курманбек Осмоновдун айтымында, "депутаттар Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбековдун "талап-тоноочулукка тиешеси бар" деп айткан башкы күбө, камактагы Абдулла Юсупов менен болгон туруктуу байланышы аныкталган жок. Мындан сырткары Осмонов жогоруда аталган депутаттар 7-апрель окуясындагы талап-тоноочулукка тиешеси аныкталбаганын жана Асылбек Текебаевге коюлган Жалал-Абад облусундагы Тейит айылындагы Бакиевдердин үйлөрүн өрттөө боюнча айыптар да далилденбегенин билдирди.