Кытай күн карама майын өндүрүүчү заводду ишке киргизүү үчүн Кыргызстанга 20 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, төрт жыл мурда Сузак районунда күн карама майын өндүрүүчү завод курулган, бирок каражаттын жетишсиздигинен мекеме иштебей токтоп турган. “Бул завод ишке кирсе, мамлекеттик бюжетке жылына 100 миллион сом салык түшөт”,- деди Сарпашев.