Биринчи Май райондук соту Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте 18-октябрда болуп өткөн ректорду шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ректорлукка талапкерлер Айылчы Сарыбаев жана Нурзак Асанбеков шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, арыз менен сотко кайрылышкан. Биринчи Май райондук соту Нурзак Асанбековдун арызын канааттандырып, шайлоо жыйынтыгын мыйзамсыз деп тапты.
Эске салсак, ректорлукка болгон шайлоодо А.Сарыбаев "жашы өтүп кеткен" деген себеп менен талапкерлердин тизмесинен алынган болчу. Ал эми Н.Асанбеков шайлоодо ат салышып, бирок добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгонун айткан. Жалпысынан ректорлукка 15 талапкер катышып, 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңип чыкканы жарыяланган эле.