Талас. Таласта жазгы талаа иштерине карата коомдук угуу болуп өттү

4-февралда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө район, айыл өкмөт жетекчилеринин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда жазгы талаа иштерине даярдыктар жөнүндө коомдук угуу болуп өттү. Жыйында район акимдери жазгы талаа иштерине болгон даярдыктар тууралуу маалымат беришти. Анда айыл чарба техникаларынын сапаты, суу каналдарынын толук кандуу иштебегендиги сыяктуу олуттуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Ошондой эле жазгы талаа жумуштары башталганда дыйкандарды күйүүчү, майлоочу май жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу учурдун талабы экендиги белгиленип, бул үчүн банктардан төмөнкү пайыз менен насыя алуу сунушу айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан