Бишкекте “коомдук унаадан күч колдонуу менен тоногон” деген шек менен шаардын 24 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы М.Н. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал коомдук унаада бара жаткан жеринен Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуу менен анын 300 доллар жана 7 миң сомун алып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.С. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.