Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында мыйзамсыз баңгизатты сактап жүргөндүгү үчүн 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү саат 19:25 чамасында милиция кызматкерлеринин текшерүү маалында кармалган жарандын жанынан 30 грамм гашиш табылган. Кармалган жаран аймактык милиция бөлүмүнө алынып келинди. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал 44 жаштагы жумушсуз жергиликтүү тургун экени аныкталган. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.