2015-жылы Кыргызстанда Эл аралык “Жибек жолунун жылдыздары” фестивалы өткөрүлөт

2015-жылдын 8-15-декабрь күндөрү Кыргызстанда Эл аралык “Жибек жолунун жылдыздары” фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалым жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 24-декабрда маданият министри Алтынбек Максүтов "Lions клуб Бишкек" коомдук бирикмесинин делегаттарын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө классикалык музыкага багытталган фестивалды өткөрүү боюнча суроолорду талкуулашты.

Фестивалдын алкагында дүйнө жүзүнөн келген жаш таланттардын бир нече концерти өтүп, мастер-класстар менен коштолот. Мындан тышкары, уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара Кыргызстан үчүн туризм жаатында да пайдалуу болот. Программада чет жерден келген конокторду Кыргызстандын кооз жерлери менен тааныштыруу каралган. Фестивалдын жабылуу аземи Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" комплексинде өтөт. 

Министр А.Максүтов өз кезегинде мындай ири маданий иш-чаралар Кыргызстан үчүн, өзгөчө жаш таланттар үчүн абдан пайдалуу болорун белгилеп, министрлик колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Болот Осмонов кыргыз музыканттарын чет жерлерде окутуу, адистердин тажрыйба алмашуу маселесин козгоп, мындай иш-чараларды жалаң эле Бишкек шаарында эмес, Кыргызстандын башка жерлеринде да өткөрүү мүмкүн экенин белгилеп өттү. 

Жолугушуу соңунда А.Максүтов кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого чоң салым кошуп келген жогоруда айтылган коомдук бирикменин Бавариядагы президенти, белгилүү дирижёр Вальдемар Штоккер мырзага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин ыйгарды.

"Lions клуб Бишкек" Кыргызстанда 2011-жылы негизделген. 15 жаштан 30 жашка чейинки жаш таланттарга колдоо көрсөтүү менен билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу социалдык көйгөйлөр менен күрөшүп келет. Учурда клубдун дүйнө жүзү болюнча 42 миң филиалы иш алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан