Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда сойкулук менен алектенген 117 кыз турат. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайынын инспектору Гүлбара Абдылаева билдирди.
“Каттоодо турган 117 кыздын ичинен 19у Ош шаарынын тургундары. Сойкулук менен алектенгендердин басымдуу бөлүгүн Кара-Суу, Өзгөн жана Ош шаарынын кыздары түзөт. Алардын арасында Ысык-Көл, Кызыл-Кыя, Чүй, Кара-Балта, Бишкектен келген сойкулар да бар. Ал эми жакында эле сойкулук менен алектенген 2 Өзбекстандын жараны кармалган. Алар өз мекенине өткөрүлүп берилди”,- дейт Г.Абдылаева.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта сойкулук менен алектенген кыздардын саны расмий сандан жогору. Себеби 117 сойку расмий түрдө каттоого түшкөндөр гана болуп саналат. Андан сырткары аймакта сауна жана жеке сойкукана сыяктуу жайлар да иш алып барууда. Ал жактар жабык түрдө иштегенине байланыштуу сойкулардын так санын айтуу мүмкүн эмес.