КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруудагы турак жай жаатындагы маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 24-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка караганда, жыйында Сокулук районунда 30 гектар аянтка спутник-шаарынын курулушу жөнүндө жаңы долбоор талкууга алынды. Ошондой эле 2 мектеп, 2 бала бакча, медициналык мекемеси бар, жалпы аянты 240 миң чарчы метр аянтка спутник-шаарды куруу айтылды.
Валерий Диль азыркы тапта Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Канададан инвесторлор бар экенин белгилеп: "Жакында борбор калаага жакын жайгашкан Чүй облусунун райондоруна багытталган курулуш долбоорлору инвесторлорго сунушталат",- деди.