Кыргызстанда "Билим берүү максатында бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүк" долбоору ишке кирди

Билим берүү жана илим министрлигинде "Билим берүү максатында бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүк" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор мектепке чейинки билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана билим алуунун сапатын жогорулатууга багытталган. "Долбоордун милдеттери жакыр жашаган жана калктын алсыз катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдарынын мектепке чейинки окутууларда сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөйт. Мындан тышкары ал бул тармактагы саясатты жана программаны жакшыртууга багытталган",- деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан