Кемин районунда өткөн жылга салыштырмалуу мал уурулуктун саны өстү

Кемин районунда өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны азайган. Алсак, жыл башынан бери 207 кылмыш катталса, анын 165инин бети ачылган. Ал эми өткөн жылы 234 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Шамбет Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл райондо башка кылмыштар азайганы менен, мал уурулук фактысы өскөн. Алсак, мал уурулук боюнча 34 факты катталып, 24 кылмыштын бети ачылган. Ал эми өткөн жылы 25 факты катталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан