КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кара-Суу районундагы дүлөй балдар мектеп-интернатында жана Ош шаарындагы Кургак учукка каршы облустар аралык медициналык санаторийде болуп, жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу 24-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Ош шаарындагы Кургак учукка каршы облустар аралык медициналык санаторийде абал жыл санап жакшырып бара жаткандыгын белгилеп өттү. Кара-Суу районундагы дүлөй балдар мектеп-интернатына 170 шейшеп, кир жуугуч машина, балдар үчүн 23 керебет берилди.