Кытай өлкөсү Кыргызстанда кургак сүт иштеп чыгаруучу 8 завод курат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
“Биз Кытайга Кыргызстандан кургак сүттү экспорттоо мүмкүнчүлүгүн сунуштадык. Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана түштүк облустарында кургак сүт иштеп чыгаруучу 8 завод курулары пландалды. 1 заводдун өндүрүш кубаттуулугу суткасына 130 тонна кургак сүт чыгарууга ылайыкталат”,- деди Сарпашев. Анын айтымында, аталган заводдорду куруу үчүн ылайыктуу жерди тандоо иштери жазында башталат.