Баткен. "Максат-Баткен" тобу концерт берет

Легендарлуу “Максат-Баткен” тобу Баткен жергесине концерт берет. Концерт тууралуу аталган топтун жетекчиси Рустам Абдырахманов төмөнкүлөрдү билдирди:

"Баткендин жаштары үчүн 14 -февраль - Арзышкандар күнүнө карата, ал эми 15-февралда Ооган согушунун ардагерлерине арнап концерт берүү алдында турабыз. Бул концертке “Максат-Баткен” тобунун негизги курамы: Алайбек Абубакиров, Сагынбек Молдоев, мен жана жаш ырчы Исабек Максүтовдон сырткары жергиликтүү ырчылар да катышат. Алар да биздин топтун ырларын ырдап, элдин маанайын көтөрөт деген үмүттөбүз. Топтун түзүлгөнүнөн баштап азыркы күнгө чейинки жаралган ырлар ырдалат. Ал эми концерттен кийин топтун 1990-2013-жылдар аралыгындагы ыр жыйнагы жарыкка чыгат”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан