Бишкекте диний экстремизм маселелери талкууланды

Бишкекте эл аралык террорчулук жана диний экстремизм боюнча жыйын болуп өттү. Ага "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов, Бишкек ШИИББинен Тилек Молдобаев, Александр Белунскас, УКМКдан Адыл Сыдыгалиев, Бишкек мэриясынан Жамиля Абирова жана башкалар катышты. Бул тууралуу 24-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарада борбор калаадагы диний кырдаал, салттык ислам, ислам дининдеги радикалдашуу, диний агымдардын коомчулукка тийгизген таасири талкууланды. Ошондой эле маалыматтын аздыгынан Сирияга кетип жаткан жарандардын абалы каралды. 
УКМКнын 4-бөлүмүнүн башчысы Адыл Сыдыгалиев интернеттеги социалдык тармактар аркылуу видеожазуулар таратылып, согуштук аракеттерге үгүттөө күчөп жатканын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан