Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен түркиялык жарандын жансыз денеси табылды

Борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен түркиялык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Эркиндик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирден 45 жаштагы асынган жарандын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя бүгүн саат 17:00 чамасында болгон. Түркиялык жаран үй-бүлөсү менен бирге жашаган батирдин балконуна чыгып, шымынын куруна асынып алган. Учурда аталган даректе Биринчи Май районунун милиция кызматкерлери жана иликтөө тобу ишин алып барууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tolkun85
2014-12-24 18:50:31
жаман иш жасаптыр, кудай озу сактасын, ыйманын саламат кылсын!
0
Deniza88
2014-12-25 11:46:12
Турктор кооп кетти, андан да жинге тийгени кыргыздын сулуу кыздарын азгырып. Бир турк менен таанышып алышып эле туркчо суйлоп калышат жинге тийип. Канча менин тааныштарым бар, туркторго азгырылып башы айланып журушот, супсулуу кыздар.
-1
maksnarin
2015-01-01 01:11:46
Мунун аялы турк эле болчу,озу да жакшы киши эле бейиши болгур-!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан