"Ош базарынын" аймагындагы Кулиев жана Павлов көчөлөрүнүн Киев көчөсү менен кесилишкен чениндеги жер астындагы өтмөктө салынган дүкөндөрдүн ишкерлери "Берекет Гранд" соода борборунун ээсинин кылган ишине нааразы. Бүгүн, 24-декабрда алар журналисттерди чакырып, төмөнкүлөрдү айтып беришти.
"Үстүбүздөгү жылдын августунда бул өтмөктө дүкөндөрдү ачуу максатында оңдоо иштерин баштаганбыз. Бул өтмөктө соода объектин түзүү укугун жеке ишкер Жайнак Сокучиев тендер аркылуу утуп алган. Тендерге жаныбызда жайгашкан "Берекет Гранд" соода борборунун ээси да катышып, жеңилип калган. Мындан улам ал эл өтчү жолду темир тосмо менен жаап койгон",- деп кырдаалды түшүндүрдү ишкерлердин бири Кубанычбек Коңкобаев.
"Эгер темир тосмо эртеңкиге чейин алынбаса, аны өзүбүз алып коёбуз. Мэрия тарабынан бул жер астындагы өтмөктө соода дүкөндөрдү ачууга уруксат берилген. Ошондуктан биз кылчу иш мыйзамга каршы келбейт. Темир тосмонун алынышы менен соода башталат",- деп толуктады ал.