
* Мындан 136 жыл мурун, 1878-жылы швед автокуруучусу жана автожарышчысы
Луи Шевроле Батыш Швейцарияда төрөлгөн. Бала чагынан механикага кызыгып, велосипеддерди оңдоп-түзөп калат. 11 жашында мектепти таштап, велосипед оңдоп иштейт. 22 жашында Парижге кетип, механик болуп, жашоого каражат таба баштаган. Андан соң Канадага, кийин Нью-Йоркко көчүп барат. Ал жактан автожарыштарга кызыгып, ал менен алектенип, атактуулукка жете баштайт. Ал учурда Вильям Дюрант аттуу ишкер менен таанышып, аны менен биргеликте "Chevrolet Motor Company" компаниясын түзүшкөн. Кийин АКШдан кетип, автожарыштарга ылайыктуу Корнелиан, Фронтенак унааларын чыгарган. Ошентип, гениалдуу автокуруучу жана автожарышчы Луи Шевроле 1941-жылы 6-июнда Детройтто каза болгон.

* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы англиялык актёр, композитор жана режиссёр
Чарли Чаплин 88 жаш курагында көз жумган. Чаплинди акыркы сапарга салтанат менен узатышкан. Ал жайына коюлган соң опузачылар (шантажист) тарабынан сөөгү казылып алынган. Албетте, алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби Чаплин ушул сымал окуя болорун сезип, бир жыл мурун аялына “мени уурдап кетишип, акча талап кылышса, төлөбө” деп эскерткен. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү кайра жерге берилген.
* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы КПСС БКнын саясий бюросу 1979-жылы 17-мартта Ооганстандын элине жардам көрсөтүү үчүн советтик аскерлерди киргизүү чечимин кабыл алган. Ал эми 1979-жылы декабрдан баштап Ооганстан өлкөсүнө советтик аскерлер массалык түрдө киргизиле баштаган. 1989-жылдын 15-февралында Ооганстандагы советтик аскерлер чыгарылган. Ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер, жоокер кызмат өтөп, согушта 15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жараат алышкан. Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Алар – Юрий Исламов (өлгөн соң сыйланган) жана Сергей Гущин.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Казакстандын "Чымкент" аэропортунан учак кырсыкка учурап, 27 адам каза болгон. Учакта 20 аскер кызматкери, анын ичинде Казакстан Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Турганбек Стамбеков жана экипаждын 7 мүчөсү болгон.