Балыкчы-Кубакы-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Балыкчы-Кубакы-Торугарт унаа жолунун 1-чакырымында 23-декабрда саат 20:30 чамасында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын 50 жаштагы Хиянг аттуу жараны Хово үлгүсүндөгү унааны Бишкекти көздөй айдап келе жатып жол четиндеги тосмодон ашып кеткен. Оор жаракаттан улам унаанын айдоочусу жана 31 жаштагы Адилет аттуу жүргүнчүсү каза болду. Бул иш боюнча топтолгон материалдар аймактык тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tolkun85
2014-12-24 18:48:51
ыймандарын саламат кылсын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан