Орусияда "өз мекендешин мууздап салды" деген шек менен 22 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды

Орусияда Великие Луки шаарында "өз мекендешин мууздап салды" деген шек менен 22 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Псковск облусу боюнча Тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы кечээ, 24-декабрда билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында Великие Луки шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде Кыргызстандык жарандардын ортосунда чатак чыккан. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү 30 жаштагы мекендешинин башына уруп, бычак менен моюнун кесип салган. Жаракат алгандан улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан.
Учурда тергөөчүлөр полиция кызматкерлери менен биргеликте тергөө жана ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүшүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
anGelina-345
2014-12-25 10:03:19
Ех жон еле журбойбузда, шайтаныбыз куч россияда камалган оной эмес
0
dominic_toretto
2014-12-25 10:29:28
Мууздап салганы чатак экен.Мээсинен тайып кеткен бирөө окшойт.
+3
Akmosha
2014-12-25 10:52:57
Кудай деп талаада жургондо тынч эле журбойт бекен,канкор,РФнын сизосунда калсачы,КРга барса чыгып кетет акча менен.
0
Deniza88
2014-12-25 11:59:28
Ой Мойнуна коюп атат да, кантип кылсын ошентип. Жапжаш неме экен,
0
uulay
2014-12-25 13:08:32
Бироонун эли-жеринде жон эле журбойбуз да. Жараткан баарыбызга ыйман берсин
0
kg.sity93
2014-12-25 14:57:30
Эх жапжащ экен.мойнун кесип салганы ото эле коошпочудай.Эмне учун урушушту экен.тынч эле журолучу..
-1
ALIK-BRO
2014-12-25 16:19:02
Башкасын Кудаа сактасын
0
baba.
2014-12-25 16:40:56
мумкун мойнуна алдыргандыр...же куболор бар бекен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан