Депутаттар чет элдиктерге турмушка чыгып жаткан кыргыз кыздарынын көйгөйлөрүн айтышты

Депутат Өмүрбек Бакиров бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңеште чет элдик жарандарга турмушка чыгып жаткан кыргыз кыздарынын көйгөйүн көтөрдү. Анын билдиришинче, кыргыз кызын алып жаткан чет элдик жарандар кепилдик катары өкмөткө күрөөгө акча төлөп бериши керек.

“Башка улуттун өкүлүнө турмушка чыккан биздин кыздардын укуктары тепселенип, кордук көрүшүүдө. Айрымдары кароосуз калып, мекенине кайтып келе албай жатышат. Ошондуктан кыздарыбыздын укуктарын коргоп, алдын ала чара көрүү жактарын иштеп чыгышыбыз керек. Түркияда кыз алып жаткан тарап өкмөткө кепилдик катары 50 миң доллар акча төгөт. Биз дагы ушул талаптарды коюшубуз керек”,- дейт Бакиров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан