"Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга мүчө өлкөлөр менен бирдей укукта болуу мүмкүнчүлүгүн алды" деди депутат Иманалиев

"Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттер менен бирдей укукта болуу мүмкүнчүлүгүн алды". Муну депутат Каныбек Иманалиевге шилтеме берүү менен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 25-декабрда билдирди. Иманалиевдин билдиришинче, Кыргызстан келечекте бул союздан чоң пайда табат.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирери менен кыйынчылыктарга кабылат. Албетте, бул өткөөл мезгил. Бирок бул кадам Кыргызстандын өнөр жайын, калктын жашоо деңгээлин көтөрөт”,- деди Иманалиев. 

Айта кетсек, Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун жалпы кирешесинин 1,9 пайызын алмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан