Баткен. 2012-жылы Лейлек районунда 155 фермерге жеңилдетилген кредиттер берилген

2012-жылы Лейлек районунда айыл чарба тармагында иш жүргүзгөн 155 фермерге “Фермерлерге жеткиликтүү кредит” долбоорунун алкагында 20,6 миллион сомдук жеңилдетилген насыялар берилген. Анын ичинен 80 фермер мал чарбасын өнүктүрүүгө, 75 фермер дыйканчылык иштерин жолго коюуга кредит алышкан. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов маалымдады. Ал эми 2013-жылдагы жазгы талаа иштерине карата 10 пайыздык жеңилдетилген кредит берүү маселеси чечилген, февраль айынан баштап дыйкандар тиешелүү каражаттарды ала башташат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан