Бишкекте өз үйүндө асынып алган түрк жараны курулуш ишканасынын жетекчиси болуп чыкты

Борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кечээ, 24-декабрда саат 17:00 чамасында түркиялык жарандын асынган абалдагы жансыз денеси табылган. Ал Бишкектеги ири курулуш ишканасынын башкы директору болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, асынып алган түркиялык жарандын курулуш компаниясынын карыздары көбөйүп кеткен. Ал асынып алган батирди акыркы бир жылдан бери ижарага алып, үй-бүлөсү менен жашап келгени белгилүү. Учурда маркумдун денеси соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksnarin
2015-01-01 01:08:56
Аты Айхан ал турктун,жакшы киши эле,топурагы торко болсун-(((!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан