Нарын шаарындагы троллейбус каттамы токтоп калуу коркунучунда. Муну парламенттин 25-декабрдагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Депутат облус борбору Нарын шаарынын жалгыз троллейбус каттамын шаардын бардык тургундары пайдаланарын айтат. "Азыр тийиштүү ишкана 300 миң сом карыз болуп калыптыр, аны төлөй албай, троллейбус токтоп калуу коркунучу турат. Аз эле каражат экен, өкмөт бул карызды кечип койсо жакшы болот эле",- деп кошумчалады депутат.