Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 25-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кадамжай районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен эки бөлмөнүн 110 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу, жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 50 төшөк, 3 эшик, 3 терезе жана үй оокаттары күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Баткен районуна караштуу Чет-Кызыл айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда короодо 5000 түк чөп, трактор, жүк ташуучу Мерседес үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.