Талас облусундагы алтын иштетүүчү “Жер-Үй” ишканасы Талас районундагы бир катар мекемелерге материалдык жардам көрсөттү. Алсак, Талас районундагы А.Бөрүбаев жана А.Огонбаев атындагы орто мектептерге курулуш материалдарын берсе, Көк-Ой айылындагы “Асель” балдар бакчасына, маданият, спорт мекемелерине жана Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун муктаждыктарын камсыздоого материалдык колдоо көрсөттү.