Бишкектеги соода борборлордун биринде гүлдөрдүн кайрымдуулук жарманке-көргөзмөсү өтүүдө. Жарманкеде шаардын мыкты делген 10 мыкты гүл өстүрүүчүлөрүнүн көптөгөн өсүмдүктөрү орун алды. Алардын арасында бөлмөгө көрк берген гүлдөр жана декоративдүү жалбырактуу өсүмдүктөр бар. Сатылган гүлдөрдөн түшкөн каражаттын бир бөлүгү Балдардын онкология бөлүмүнө которулат. Көргөзмө 29-декабрга чейин уланат.