Кыргызстанда багылган койлор Катар өлкөсүнө экспорттоло тургандыгын КРнын Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирет.
Маалыматка ылайык, былтыр декабрь айында Катардын мамлекеттик карантин-ветеринардык кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келип, өлкөдөгү эпизоотикалык кырдаал менен таанышып, өлкөдөгү койлорду Катарга экспорттоо иштерин иликтеп кетишкен. Жыйынтыгында жакынкы арада Кыргызстандагы койлор чет өлкөгө экспорттоло баштаары пландалууда.