Сокулук районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-декабрда милицияга 35 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда 23-декабрь күнү кечинде Новопавловка айылынан белгисиз жаран күч колдонуу менен аны зордуктап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.