Депутаттар Кадыржан Батыровдун медициналык окуу жайынын имаратын Саламаттыкты сактоо министрлигине берүүнү сунушташты

Депутат Абдыманап Кутушев 25-декабрда Жогорку Кеңеште: Жалал-Абадга кардиологиялык жаңы жабдуулар келгени жатат, бирок имарат маселеси чечиле элек”,- деп билдирди. Депутат жабдууларды жайгаштыруу үчүн Кадыржан Батыровго таандык окуу жайдын медициналык факультетинин корпусун Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүү керектигине токтолду.

Саламаттыкты сактоо министри Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган кардиологиялык борборго зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоо жагын чечип жатат. Бирок учурда кардиоборборго ылайык делген имаратта Сот департаменти жайгашкан. Ошондуктан Кадыржан Батыровдун окуу жайынын медициналык факультетинин корпусун министрликке беришибиз керек. Анткени түштүк тарапка да кардиологиялык борбор өтө зарыл болуп жатат",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан