Ырчы Нурлан Насип Германиянын Гамбург шаарында "Мейли" аттуу ырына клип тарттырат

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамын 3 ирет жеңип алган Нурлан Насип “Мейли” аттуу ырына Германиянын Гамбург шаарында клип тарттырат. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.

“Германияда жашаган кыргыздар Жаңы жыл майрамына карата кече уюштуруп, бизди конокко чакырышты. Аталган мамлекетке клипмейкер Эрнист Сыдыков менен барам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып клип тарта келүүнү чечтик. Бизди чакырган мекендештер клип тартууга кеткен каражатты өз моюндарына алышты. Ошол жактан кастинг өткөрүп, клипке кыргыздын сулуу кызын тандап алууну пландап жатабыз. Белгилей кетсем, буга чейин Жаңы жылды өзүмдүн кичи мекенимде ата-энем менен тосуп келсем, биринчи жолу чет мамлекетте Жаңы жылды тоскону турам",- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Angel92
2014-12-25 13:11:47
Ийгилик!Ак жол.
-1
Aipri
2014-12-25 17:01:18
Нурлан, молодец! Жана чыгармачылык ийгилик.
0
Kitaioza
2014-12-26 08:44:59
Азаматсын Нур,оззумдун гана иним го ушу бала.Чыгармачылык ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан