Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси экинчи окууда каралууда. Мыйзам кабыл алынгандан 6 айдан кийин күчүнө кирери айтылган эле. Бирок бул мөөнөттү 3 айга кыскартуу сунушталып жатканын демилгечилер айтышты.
"Быйыл 11 айда өлкөгө оң рулдуу 48 миң автоунаа киргизилген. Жарандардын коопсуздугу баарынан маанилүү, ошондуктан 6 ай деген убакытты 3 айга кыскартуу чечимине келдик",- деди депутат. Эгер мыйзамга 2015-жылдын январь айында кол коюлуп калса, анда март айынан баштап мындай унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат.
Айрым депутаттар 6 ай деген мөөнөттү өзгөртүүсүз калтырууну сунушташууда.