Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңеште кайрылмандардын Кыргызстанга көчүп келүү тартибинин жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, кайрылмандардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды документтер менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга да алардын бул жерде жашаган туугандарынын ишеним катынын негизинде "кайрылман" макамын берүү, жумушка орношуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, медициналык маалым кат тапшыруу талабын жокко чыгаруу, алардын керт башын аныктоочу документтер менен камсыз кылуу сунушу киргизилип жатат.