24-декабрда Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеев, М.Мусулманкуловдордун оозунан жазылып алынган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун бириктирилген варианттарынын бет ачары өткөрүлдү. Аталган академиядан билдиришкендей, иш-чарага окумуштуулар, адабиятчылар, жазуучу-акындар катышты.
Сейрек китепке айланган бириктирилген варианттар академик Абдылдажан Акматалиев менен Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жетектеген чыгармачыл топ тарабынан кайрадан даярдалып, басылып чыкты. “Манас” эпосунун тексттерин окурмандарга жеткирип, элдин аң-сезимине сиңирип, ар-намыстуулукка, гуманизмге, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялоо негизги милдеттердин бири болуп саналат.