Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин газ маселесин талкуулашты

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыздоо маселесин талкуулады. Муну парламенттин 25-декабрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирип, сүйлөшүү тууралуу өлкө башчы жакында маалымат берерин айтты. "Сүйлөшүү процесси уланып жатат, азырынча маалымат бере албайм",- деди министр.
Мындан кийин депутат Бөдөш Мамырова "Газ маселесине президент эмес, өкмөт жооп берет. Бүгүн сиз маалымат беришиңиз керек болчу, бирок мен эч нерсе билбейм деп отурасыз" деп министрди сындады. 
Айрым депутаттар кесиптештерин өкмөттүн чарбалык иштерине кийлигишпөөгө, каралып жаткан маселе боюнча гана суроо берүүгө чакырышты. 
Жыйында Орусиядан алынган жаратылыш газы үчүн 35 пайыздык бажы пошлинасын алып салуу демилгеси каралууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан