Жогорку Кеңеш 25-декабрда өлкөгө алынып келинген жаратылыш газына салынган бажы алымын алып салуу максатында иштелип чыккан "Бажы тарифтери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөттү.
Мыйзам демилгечилеринин айтымында, ушу тапта Орусия газынын ар 1000 метр кубу 165 доллардан сатылып алынууда. "Калк ал газдын метр кубун 13 сомдон сатып алууда. Бул 2013-жылга караганда 1 сом 50 тыйынга арзан. Ал эми биз 2015-жылдын 1-январына чейин мыйзамдан 35 пайыздык бажы алымын алып салбасак, газдын баасы 17 сомго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн", - дешти депутаттар.