Ак үйдүн алдына Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн ачыктоону талап кылып чыккандар боюнча маркумдун туугандарынын кабары жок

Бүгүн, 25-декабрь күнү Ак үйдүн алдына Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачуу, күнөөлүүлөрдү табуу, башкы прокурор Аида Салянованы убактылуу кызматтан четтетүү талабы менен 20дай адам митингге чыгышты. Демейдеги митингдерден бүгүнкү митингди бир нерсе айырмалап турду: нааразычылык акциясына чыккандардын көбү сүрөткө тартууга макул болушпай, жүздөрүн жашырып жатышты. Сураганыбызда алар маркум Камиланын кимиси болорун так айта алышпады. Акциянын максатынан шек жараткан негизги жагдай - маркум кыздын ата-энеси, бир туугандарынын митингге келбегендиги. Катышуучулардан сураганыбызда “мына келет, ана келет” деген бүдөмүк жоопторду узатып кутулушту. Адатта, мындай акциялардын башында жабырлануучунун же маркумдун жакындары турары белгилүү.  

Өзүн Гүлсүна Кулматова деп тааныштырган айым “Камиланын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазалансын, башкы прокурор Аида Салянова убактылуу 2 айга кызматтан кетсин. Агасынын ак же кара экенин далилдесин” деп турду.

Ал эми Улуттук университеттин студентибиз деген эки кыз жүзүн жашырып, аты-жөнүн айтышпай, “Көп учурда студент кыздар мындай окуяларга туш болушууда. Биз да адилеттикти талап кылып чыктык” дешти.

Атын атагысы келбеген дагы бир айым “Саат 10:30да эле келгенбиз. Аялдардын көпчүлүгү "Ош базарда" соода орундарын талашып жатышат" дегенинен шашып кетип калышты” дейт.

Белгилей кетчү жагдай, катышуучулардын айрымдары акция баштала электе “Бул жакта эмне болот экен? Камила деген ким?” деп сурап жатышкан эле. Кийин алардын Камиланын сүрөтүн кармап, Аида Салянованын кызматтан кетишин талап кылышканын көрдүк.

Бүгүнкү акция шек жараткандыктан, Камила Дүйшөбаеванын эжеси Айжан Дүйшөбаевага телефон аркылуу байланышка чыкканыбызда, ал митинг тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, Камиланын туугандарынан ал жакка эч ким барбаганын SUPER.KG порталына айтты. 

Туугандарынын талабын жактагандардын акциялары өлкөдө көп эле болот. Алардын бирин эске салсак.

Мындан 7 жыл мурун Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Сабыржан Сабиров жүзүн жашырбай эле, баласына карата акыйкат сот өкүмү чыкпаганына нааразы болуп, өзүн өзү өрттөп жиберген. 

Ал эми бүгүнкүдөй бүдөмүк иш-чаранын чыныгы максаты эмне? Мунун артында кимдер турушу мүмкүн? 

Эске салсак, киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катышы болушу мүмкүндүгү айтылган. "Алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов бар болушу мүмкүн" деген сөздөр тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Begimkyz
2014-12-25 15:51:13
Акчага чыккан митингчилер окшойт го чамасы. Салянованын артынан түшүптүр да эми, акырын көрө жатарбыз...
-1
Deniza88
2014-12-25 15:55:24
Ой жамандар десе. Ушу митингчилердин азабы отту. Эгер чын эле туугандары болсо суротту супер инфодон албай оригинал сурот чыгармак. Мээси жеткен ошолбу? Ушу митингдин башында ким турса да МЭЭСИ жогураак))))))))))))))))))))))
0
33SUUN
2014-12-25 16:02:54
Созсуз эле озунун жакыны же тууган уругу олгондо акыйкат издеп чыгыш керек бекен.Мумкун алар чындап эле Камиланын олумунун себебин тезирээк аныктап,куноолуулордун жазага тартылышын талап кылып чыгышкандыр.
+13
Murok
2014-12-25 16:20:01
Жалгыз бул кыз эмес канчасы бети ачылбай калып жатат .
+8
tynara1983
2014-12-25 17:11:11
Бул жердеда чындыкты жашырып жатышат кимдин кана ичи ачышпасын он гулунон бир гулу ачыла елек кызды олтуруп койсо.Тункусун саат онго чейин чогуу болгон Калый Салянов закон алдында жоопко тарттылсын бул кылмышты ал билбей ким билет еле!!!
+4
Gensek
2014-12-25 17:26:13
бул жерде аябай чоон саясат жатат мумкун нариман тулеивдир канча аракет кылса да чыга албай жатпайбы...
значить чыгыш учун салянова кетиш керек
+5
nurzat.71
2014-12-25 17:42:57
обужоктор да
+1
ALIK-BRO
2014-12-25 17:52:31
Ужеее саясатташып кетти бул кылмыш иши. Жумурткадан кыр издегендерге чооон шылтоо табылды. Салянованын Шорпосу эээми кайнайт го. Ким кылса да азаматтар коптон бери митинг Бироону чукубай зеригип уктап калышпаса еле деп аткам садиктегилерди.
+5
kamchatka
2014-12-25 20:45:47
Салянов Калыйдын тиешеси жок болсо анда бул иштин бети качан эле ачылмак эгерде бир карапайым эле адам олтургондо ал эмгиче камакта болмок! Бул менин жеке оюм
+6
Beko87
2014-12-25 22:37:21
Маркум кызды жон жаткызбайт экенда.олгон кыздын атын жамынып чыканына тан калам.туугандары чыкса бир жон
+1
amanatym
2014-12-26 09:20:22
башка жумушу жоктор чыгат
0
myshka406
2014-12-26 11:35:02
а Осунбек Жамансариев, Калый Салянов дегендердин тиешеси бар деген маалымат, качан айтылган эле,кененирээк маалымат берип коесунарбы.............
0
admin_superstan
2014-12-26 12:50:57
myshka406, саламатсызбы!
http://www.super.kg/kabar/news/92794/
0
Aitunuk
2014-12-26 20:43:22
К.Салянов тааныш болушу мүмкүн, бирок кызматы, үй-бүлөсү бар,орто жаштагы адам андай жаман ишке барбаса керек. Далилдери болбогондон улам ушул убакка чейин эч кимди кармай албай жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан