Эжеси менен жакын мамиледе болгону үчүн 25 жаштагы баланы бычактап салган жаран кармалды

"Эжесинин намысын коргойм деп, аны менен жакын мамиледе болгон 25 жаштагы баланы бычактап салган" деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, 23-декабрга караган түнү саат 03:40 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган Ильгиз Чоканов келип түшкөн. Кара-Суу районунун Жоош айылынын тургунунун бооруна бычак сайылганы аныкталган. Жабырлануучуну ооруканага алып келген жаран алгач дарыгерлерге экөө тааныш экенин айтып, бирок жабырлануучу каза тапканын билген соң И.Чокановдун канга боёлгон кийимдерин алып, изин жашырып кеткен. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 24-декабрда Жапалак айылында аталган кылмышка шектүү катары облустук бейтапканалардын биринин дарыгери К.М. колго түшүрүлгөн. Ал кылмышын мойнуна алып, эжесинин намысын коргогонун билдирген. Анын айтымында, 25 жаштагы И.Чоканов эжеси менен жакын мамиледе болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-25 15:24:24
Жакшылап териштириш керек
0
K.Batken
2014-12-25 18:49:38
озу 33 б.со,эжеси андан улуу да!а маркум 25те..хе)кызык!ажалынды качсада болбой кууп барыпсында чиркин!
+2
aziz.k
2014-12-26 01:43:13
Жапалактын кайсы айылынан экен
0
aruuzat88
2014-12-26 12:32:51
Эжесин жазалаш керек эле биринчи.Аял затынан ката кетет коп жерде, беш кол тен эмес денизчи, бирок озунун баласындай эле бала менен мамиле тузгону кызык....
0
gylburak_kg
2014-12-26 14:34:23
Омееей не деген мыкачылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан